Токмокко жакын жерде унаа аласалып үч киши мүрт кетти. Жүрөк үшүн алган сүрөт

Машинаны айдап бараткан 22 жаштагы кыздын сөөгү 80-100 метр алыстыктан табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкек — Нарын жолунун 44 чакырымындагы айланма жолдо Mercedes-Benz унаасы аласалып, ичиндеги үч киши каза тапканын Чүй облустук милициясы билдирди.

1 / 2
Бишкек — Нарын жолунун 44 чакырымындагы айланма жолдо Mercedes-Benz унаасы аласалып, ичиндеги үч киши каза тапканын Чүй облустук милициясы билдирди
2 / 2
Маалыматка ылайык, унааны 22 жаштагы кыз катууайдап бара жатып, рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен. Машина бир нече ирет аласалган.

Маалыматка ылайык, унааны 22 жаштагы кыз катууайдап бара жатып, рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен. Машина бир нече ирет аласалган.

"Айдоочудан тышкары, 46 жаштагы эркек киши беш жашар баласы менен кошо көз жумган. Унааны айдап бараткан кыздын сөөгү машинадан 80-100 мерт алыстыктан табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.