Толгоо келип, суу кетип жатат! Кош бойлуу каттоосу жок төрөтканага бара алабы?

Аялзаты боюна бүткөндөн тарта түрдүү ойго чөмүлөт. Алардын бири — медициналык каттоо маселеси. Айтор эл арасында сөзсүз каттоого турган жериңде көз жарышың керек, толгооң келип жаның көзүңө көрүнүп жатса бир да төрөткана эшик ачпайт деген кеп бар.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кош бойлууларды каттоонун жол-жобосу, күңгөй-тескейи тууралуу сураштырып көрдү. Суроолорго Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары дарыгер-гинекологу Эркинай Молдокматова жооп берди.

Каттоого турбай койсо эмне болот?

АКШлык бөбөктөрдүн киндик энеси: Кыргызстанга бутума туруп алып кайтам
Каттоого туруунун максаты — аялдын жана баланын саламаттыгын алдын ала аныктап, дарылап алуу. Кыскасы, дени сак энеден дени сак бала төрөлүшү керек.

Аял боюна бүткөндөн баштап 12 жума болгонго чейин каттоого туруусу керек. Кош бойлууну акушер-гинеколог карайт. Протоколдун негизинде каттоодо турган аял төрөгүчө алты жолу текшерүүдөн өтүшү зарыл.

Биринчи кароо 12-16 апта ичинде. Мында кош бойлуунун саламаттыгы тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Экинчи кароо 18-20 апта аралыгында. УЗИге түшүп, заарага анализ тапшырылат.

Үчүнчү кароо 24-25 аптада. Тамактануунун тартиби түзүлүп, кошумча анализдер алынат.

Төртүнчү (30-32 апта) жана бешинчи (36 апта) кароодо түйүлдүктүн өсүүсү дыкат каралат.

Алтынчы кароо 38-аптада. Бул мезгилде бала төрөлүшү керек. 

Нежелательная беременность в КР

Медициналык каттоо кантип жүргүзүлөт?

1. Каттоого жашаган жериндеги мамлекеттик бейтапканадан турат. Бул үчүн паспорт жана жашаган жеринен справка керектелет.

2. Ошол эле учурда сөзсүз жашаган жеринен каттоого туруу шарт эмес. Маселен айылда жашап, шаарда көз жарышы мүмкүн. Бул учурда каттоого борбордон деле турсаңыз болот.

3. Мамлекеттик эмес жеке медициналык жайлардан да катталууга болот. Менчик клиниканын лицензиясы менен дарыгерлердин кесипкөйлүгүнө көңүл буруу шарт.

4. Эгер кош бойлуу жашаган жерин алмаштырса, каттоону кайрадан жаңырта алат. Документтерди башынан жаңылап отурбай, ошону эл кайра мекемеге өткөрүп бересиз.

5. Мигрант айымдар атайын прейскуранттын негизинде каттоого турат, Кыргызстандын жарандары үчүн акысыз.

Сөзсүз каттоого турган жеринен көз жаруу керекпи?

Дарыгерлер: жаштар төшөк мамилесинин маданиятын билбейт
Дарыгер-гинеколог Эркинай Молдокматова каттоого алынган жерден төрөө шарттуу эмес дейт. Турмушта ар кыл жагдайлар болорун айткан доктур көчөдө толгоо келип, суу кетиши мүмкүндүгүн мисал келтирди. Мындайда кош бойлуу эч коркпостон жакынкы төрөтканага кире алат. Дарыгерлердин төрөтүүдөн баш тартууга акысы жок. Молдокматованын айтымында, керек болсо таптакыр каттоосу жок көз жаргандар да бар. Муну бир жаман жери — дарыгерлер төрөткө чейин эне-баланын ден соолугун аныктап, кам көрө алышпайт. 
Демонстрация "Движение за гуманизированное рождение" в Сан-Паулу

Бишкекте төрөйм дегендер үчүн күмүш сырга

Дарыгер шаарда төрөйм деген айымдар көп экендигин кошумчалап, кош бойлуулар Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн дайын-дарегин билип алуусун абзел деп эсептейт. Бул мигранттарга да керектүү маалымат.

№1 клиникалык төрөт үйү. Үсөнбаев көчөсү, 40, номери (312) 30-34-74.

№2 клиникалык төрөт үйү. Москва көчөсү, 225, номери (312) 65-73-97.

Шаардык гинекологиялык оорукана. Логвиненко көчөсү 30, номери (312) 32-50-97

Шаардык перинаталдык борбор (мурдагы №4 төрөт үйү). Сүйөркулов көчөсү, (312) 51-49-30.

Адамдын репродукция борбору. (Мурдагы №5 төрөткана). №7 кичирайон, номери (312) 510-137.

Чүй облустук бириккен оорукананын төрөт үйү. Лебединовка айылы, Чапаев көчөсү, 1, (312) 63-48-68.

Эне-баланы коргоо борборунун клиникалык төрөт үйү. Тоголок Молдо көчөсү, 1/2, номери (312) 31-41-36.