Бас гитара чертип, Beatles ырларын аткарган Султан Раев. Драматург тууралуу 7 факты

Бүгүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү драматург, акын, коомдук ишмер Султан Раевдин туулган күнү.
Sputnik

Жараткан чыгармалары менен дүйнө жүзүнө таанылган инсан 13-июлда 60 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги жаш кезинде ырдап, кино тартууну эңсеген инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Кинорежиссер болгусу келген.Султан Раев Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айылында 1958-жылы туулган. Мектепти аяктаган соң Москвага барып Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна тапшыра албай калат. Анткени айылдан келген жигит окуу жайды 2-3 күн издеп жүрүп сынакка катышууга үлгүргөн эмес. Аскер кызматын өтөп, 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган.

Экс-министр культуры, писатель, драматург Султан Раев

Журналистикада чыйралган калемгер. Жаш жазуучу эмгек жолун "Ленинчил жаш" гезитинин карабарчылыгынан баштап, кийин "Кыргызстан маданияты", "Жаштык жарчысы" гезиттердинде иштеген. Кийин "Кыргыз Руху" басылмасын негиздеген. 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика факультетинде стажировкадан өтөт. Бул мезгил аралыгында тажрыйба топтоп калеми курчуйт. Андан сырткары, 2004-2005 жылдары "Эркин Европа" жана "Азаттык" радиосунун саясий баяндамачысы да болуп иштеген.

Экс-министр культуры, писатель, драматург Султан Раев

Мектепте Beatles тобуна таасирленип, обон созгон. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты мектепти аяктап калганда төрт адамдан турган "Жаңырык" тобунда бас гитара чертип, эл алдына ырдап чыккан. Алар ошол маалда дүйнөнү дүңгүрөткөн британиялык Beatles тобуна таасирленип, англис тилинде рок ырларын аткарган жайы бар.

Министр Раев — мамлекеттик кызматкер. Өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер эки жылдай Билим берүү жана маданият министринин орун басары, 2005-жылы Маданият жана маалымат министри, президенттин кеңешчиси, кийин Курманжан датка, Маданият жана тарых жылдарын өткөрүү, даярдык көрүү боюнча дирекцияларды жетектеген.

Экс-министр культуры, писатель, драматург Султан Раев

Атагы Англияга чейин жеткен калемгер. КРдин эл жазуучусун 2002-жылы Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын бирине мейман катары чакырган. Ага дүйнө жүзүнөн саналуу гана адамдар катышкан. 2006-жылы драматургдун "Акыркы керээз" спектакли Англияда коюлуп, ВВС каналында көргөзүлүп, Европага тааныла алган.

Таланттуу драматург. Султан Раев өзүнүн чыгармачылыгында бир топ салмактуу чыгармаларды жаратты. Анын "Жанжаза", "Топон" романы, "Күн кармаган бала", "Чаң жол" китептери орус, украин, француз, кытай тилине которулуп, жарык көргөн. Ал эми "Кашар", "Оо, кыздар", "Суфлер", "Тайамам" спектаклдери менен "Маң", "Ханышанын көз жашы", "Барсбек" "Илек-илек", "Таажы" драмалары жергиликтүү жана чет элдик театрларга коюлуп, бир катар сыйлыктарга ээ болду.

Экс-министр культуры, писатель, драматург Султан Раев

Сыймыктуу үч кыздын атасы. КМШнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жубайы экөө үч кызды тарбиялап өстүргөн. Алардын эң улуусу Санкт-Петербург каржы-экономикалык инстутутун аяктаган. Учурда ал Кыргызстанда кесиби боюнча иштейт. Ортончу кызы Кореядагы ЖОЖдордун бирин бүтүрүп, Бишкекте БУУнун өнүктүрүү программасында эмгектенип келет. Ал эми кенжеси Кытайда билим алып, азыр кинематография боюнча билимин Нью-Йорк шаарында улантууда.