"Ала-Арчада" байдарка, каноэ менен сууда сүзгөн мыкты спортчулар аныкталат

Мелдеште спорттук тажрыйбасы бар, 16 жаштан өйдө курактагы катышуучулар күч сынашат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кайыктын байдарка жана каноэ түрү менен сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Чемпионат 13-15-июль күндөрү "Ала-Арча" спорт базасында өтөт.

Кыргызстандык 5 жашар бала дүйнө чемпиону аталды! Жиу-житсу турниринен сүрөт
Оюн командалык эмес, эсептер жекече жүргүзүлөт. Таймашта спорттук тажрыйбасы бар, 16 жаштан өйдө курактагы катышуучулар күч сынашат.

Алдыңкы орунга ээ болгондор диплом, медалдар менен сыйланат.

Чемпионатты өткөрүү үчүн аталган мамлекеттик агентикке караштуу спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция 32 миң сом бөлгөн.