Эрнест Абдыжапаров мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов жөнүндө фильм тартат

Фильмдин тартуу иштери Аскар Салымбековдун фонду тарабынан каржыланат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Режиссер Эрнест Абдыжапаров мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов жөнүндө фильм тартат. Бул тууралуу Аскар Салымбековдун фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, документалдуу тасманы тартуу үчүн режиссерлер арасында атайын сынак жарыяланган. Ага сегиз адам катышып, калыстар тобу 12-июль күнү Эрнест Абдыжапаровду жеңүүчү деп тапты.

Аталган фильмдин тартуу иштери Аскар Салымбековдун фонду тарабынан каржыланат.