Радио

Асанходжаев: аба ырайынын 50 градустан жогорулашы мүмкүн эмес

ӨКМдин алдындагы гидрометеорология боюнча агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев аба ырайы 60 градуска жетти деген маалымат туура эместигин айтты.
Sputnik
Асанходжаев: аба ырайынын 50 градустан жогорулашы мүмкүн эмес

Кыргызстанда аба ырайы 50 градустан ашуусу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Рыскелди Асанходжаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркыдай күндүн ысышы жай мезгилинде кадыресе эле көрүнүш.

"Күндүн катуу ысышы июль-август айларында кадимкидей эле көрүнүш болуп эсептелет. Бирок ысыктын күчү 60 градуска жетти деген маалымат туура эмес экенин айткым келет. Негизи аба ырайы максималдуу 50 градус ысык болот. Андан жогорулап кетүүсү мүмкүн эмес", — деди Асанходжаев.

Ал ар бир айдын 15инен баштап кийинки айга болжолдонгон аба ырайы белгилүү болорун кошумчалады.