УКМК "Дастан" ишканасынын башкаруучулугунун төрагасын кармады

Ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  "Дастан" ишканасынын башкаруучулугунун төрагасы Ю.В. аттуу жаранды кармаганын атайын кызматтан билдирди.

Ал 11-июлда "Пансионат "Солнечный берег" ААКтын 100 пайыз акциясын арзан сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

Албек Ибраимов өзү фигурант болгон кылмыш иши боюнча пикирин айтты
Атайын кызматтын билдиришинче, Ысык-Көлдө 11,7 гектар жерди ээлеген пансионат  "Дастан" компаниясына 24 миллион 505 миң сом карыз болгон. Кийин компания пансионатты толугу менен өзүнө каратып алган.

Бирок 2013-жылы 15-февралда Ю.В. пансионатты 47 миллион 750 миң сомго арзандатылган баа менен Э.А. аттуу жаранга сатуу боюнча келишимге кол койгон.

Эсеп палатасы 10-июлда жүргүзгөн аудитинде бул келишимден  "Дастан" ишканасы 128 миллион 379 миң 500 сом жоготконун аныктаган.

Компаниянын башкаруучулугунун төрагасы УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Эске салсак, учурда ТНК "Дастан" ААКтын башкаруучулугунун төрагасы Юрий Васильев.