Сокулукта зордукталды делген 10 жашар кыз. Ишти министрлик көзөмөлгө алды

Окуя боюнча бир катар экспертизалар дайындалган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Сокулук районунда 10-июлда зордукталды делген он жашар кыздын иши Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынганын Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Бала зордуктагандарды кантиш керек? Дүйнө өлкөлөрүнүн колдонгон жазасы
Учурда ички иштер органынын бардык жеке курамы кылмышкерди издөөгө тартылган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Облустук милициядан маалымдашкандай, 10 жашар кызга карата жасалган кылмыш дароо каттоого алынып, Кылмыш жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү ("Күч колдонуп зордуктоого аракет кылуу") боюнча иш козголгон.

Ошондой эле аталган факты боюнча сот-медициналык, сот-биологиялык жана сот психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Азырынча жыйынтыктары даяр боло элек.

"Ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү иш-чарасы учурунда окуя болгон аймактагы объектилердеги видое байкоолор алынып, жабыркаган кыздын жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен шектүү жарандын фотороботу түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жабыркаган кыз менен психолог жана Сокулук райондук үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнүн социалдык кызматкерлери иштеп жатат.