Радио

Кадыралиева: миграцияны өнүктүрүү жана коргоо багытында мекеме түзүү керек

Экс-депутат Ыргал Кадыралиева сырткы миграцияны токтотуунун ордуна аларга кесип, чет тилдерин үйрөтүү зарылдыгын айтты.
Sputnik
Кадыралиева: миграцияны өнүктүрүү жана коргоо багытында мекеме түзүү керек

Миграцияны өнүктүрүү жана коргоо багытында президенттин аппаратында же өкмөттүк деңгээлде комитет же кеңеш түзүү зарыл. Мындай пикирин Ыргал Кадыралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун  11-июлдагы таңкы эфиринде миграциялык маселелер боюнча маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет өзү иш менен толук кандуу камсыздай албай жаткан соң башка жактарга барып иштеп келүүнү каалагандарды колдошу керек. Алардын кесиптик билим алуусуна, чет тилдерин үйрөнүүсүнө шарт түзүшү абалды жеңилдетет.

"Миграцияны токтотууга аракет кылуунун кажети жок. Тескерисинче жарандарыбыздын чет өлкөгө иштөө үчүн барганда кыйналып калбай, бир кесипти аркалап иштеп кетишине шарт түзүшүбүз зарыл. Бул үчүн учурдагы бир эле Миграция кызматы жетишсиз. Бул органдын статусун көтөрүү же дагы бир кошумча мекеме ачуу керек", — деди Кадыралиева.

Ал жакынкы мамлекеттерден бизге келген мигранттар маселеси да учурда ачык бойдон калып жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.