Онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн чогулган каражат эмнеге жумшалат

Аппаратты сатып алуу үчүн карапайым эл 60 миң доллар чогулткан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Онкологиялык ооруларды дарылай турчу аппарат сатып алуу үчүн кыргызстандыктар чогулткан каражат онкологиялык диагностиканын сапатын жакшыртууга жумшалмай болду. Бул тууралуу " Помогать легко" коомдук фондунун директору Динара Аляева билдирди.

Буга чейин аталган аппаратты сатып алууга Centerra Gold Inc компаниясы 10 миллион доллар бөлгөн. Аны менен катар активисттер каражат чогултушкан. Бардыгы болуп кыргызстандыктар 60 миң доллар чогултууга жетишкен.

"Бул каражат фондунун атайын эсебинде сакталып турат. СПИД борбору менен колдонуп жаткан аппаратты онкологиялык оорудан жапа чеккендердин иммунофенотипировкалоо үчүн колдонуу тууралуу сүйлөшүү жүрүүдө. Андан сырткары балдардын шишик ооруларын текшертүү боюнча лабораториялар менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Аны менен бирге гистология кылуучу аппаратты сатып алуу пландалып жатат", — деди ал.

Мындай чечим ири компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 2017-жылы 10-ноябрда өткөн тегерек столдо кабыл алынган.