БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. ЖККУнун "Кант" авиабазасы КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына машыгуу учуулар үчүн тик учагын берип турганын авиабазанын маалымат кызматы билдирди.
МИ-8 тик учагы менен атайын учуу аэродромдун базасында болгон. Бул иш КР Куралдуу күчтөрүнүн эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчилигинин суранычы менен орундалган.
Машыгуулардын максаты — болочоктогу учкучтардын түрдүү бийиктикте өздөрүн алып жүрүүсүн сыноо жана организмдин капыстан, тез алмашууларды кантип көтөрө турганын аныктоо болгон.
КР аскер күчтөрү кызматынын дарыгери балдардын бардыгы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Тандалган абитуриенттер Кыргызстан менен Россиянын аскердик билим берүү кызматташтыгынын алкагында Сызрань шаарындагы жогорку авиациялык училищеден окушат.
Белгилей кетсек, Башкы штабга таандык Ми-8 аскердик тик учагы Ысык-Көлдө куткаруу операциясы учурунда кырсыктап жарактан чыккан.