Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында кимдер ойной турганы аныкталды

Хорватия менен Англиянын курама командалары Москвадагы "Лужники" стадионунда беттешти.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Франция менен Хорватия беттешмей болду.

1 / 4
Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 12:00дө Москвадагы "Лужники" стадионунда Хорватия менен Англия жарым финалда беттешип, Хорватия 2:1 эсебинде жеңишке жетти
2 / 4
Биринчи тайм башталбай жатып эле Англия курамасынын жарым коргоочусу Киран Триппье бешинчи мүнөттө гол киргизип, командасын алдыга сууруп чыкты
3 / 4
Хорватиянын жарым коргоочусу Иван Перишич 68 мүнөттө эсепти теңеди
4 / 4
Кошумча берилген убакытта хорватиялык Марио Манджукич 109-мүнөттө гол киргизип, командасын алдыга сууруп чыкты.

Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 12:00дө Москвадагы "Лужники" стадионунда Хорватия менен Англия жарым финалда беттешип, Хорватия 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Оюнга түркиялык калыс Жүнейт Чакыр көз салды.

Биринчи тайм башталбай жатып эле Англия курамасынын жарым коргоочусу Киран Триппье бешинчи мүнөттө гол киргизип, командасын алдыга сууруп чыкты. 

Футбол: жарга такаган жарым финал. Суурулуп чыккан төрт команданын жагдайы
Экинчи таймда командалар кызыктуу оюн көрсөттү. Хорватиянын чабуулчусу Марио Манджукич атаандашына карата орой ойногу үчүн сары карточка алды. Ал эми Англиялык футболчу Кайл Уокер калыс менен талашканы үчүн сары карточка алды.

Хорватиянын жарым коргоочусу Иван Перишич 68 мүнөттө эсепти теңеди. Ошентип экинчи таймдын жыйынтыгы менен командалар тең чыгып, калыс үч мүнөт кошуп берди.

Кошумча берилген убакытта хорватиялык Марио Манджукич 109-мүнөттө гол киргизип, командасын алдыга сууруп чыкты.

Буга чейинки жарым финалды Франция менен Бельгия ойноп, Франция 1:0 эсебинде жеңишке жетип финалга чыккан болчу.