Германияда "Крон" циркинде өнөрүн көрсөтүп жаткан үч пилдин бирөө күйөрмандардын үстүнө кулаганын Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
Видеодо эки пил Мала аттуу пилди жөөлөп жатканын көрүүгө болот. Аларга туруштук бере албаган Мала манежден ары кулаган. Жаныбарды үйрөтүүчүлөр жоошуткан. Цирктин алдыңкы катарында отурган бир күйөрмандын денеси көгөрүп калса, кулаган пил да жеңил жаракат алган.