АКШлык аял интернетке миллион доллар карыз болгонун өзү да билбей калган

Аял мынча суммадагы акча карыз экенин билгенде алдастап калгандыгын жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Америкадагы Оклахома штатынын жашоочусуна инернетти колдонгондугу үчүн төлөмүң миллион долларга чыгып кетти деген кагаз келген. Бул маалыматты Fox 61 каналы билдиргендигин lenta.ru сайты кабарлады.

Дайан Хэмптон (Dianne Hampton) мынча суммадагы акча карыз экенин билгенде алдастап калгандыгын жазган.

Кыргызстандыктар интернет аркылуу пайдаланчу 6 кызмат
Ал кимдир-бирөө банктык эсебиндеги акчаны шыпырып кетүүгө ниеттенгендигин сезип, автоматтык төлөм кылуу деген функцияга каршылыгын билдирген.

Анда карыз акча интернет компаниянын эсебине которулушу керектиги белгиленген. Ошентип, 100 миң долларды өндүрө калуу аракети майнапсыз болуп калган.

Хэмптон компания төлө деген акчанын суммасы азайгандан азайып отургандыгын, аягында банктагы эсебинен 1,2 миң доллардан эки ирет жок болгондугун айткан.

Компаниянын өкүлдөрү Хэмптондун окуянын иликтеп бергиле деген талабына акча жаңылыш алынганын билдиришкен. Америкалык аялдын картынан алынган акчалар ээсине кайтарылып, ал эми интернеттин эсеби нөлгө түшкөн.