БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берилген Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макамы алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, аталган макам ата мекендик продукцияны Европа өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз экспорттоо мүмкүндүгүн ачат. Кыргызстан ЕБ өлкөлөрүнө биринчи кезекте айыл чарба продукцияларын, кийим-кече жана кийиз буюмдарын жана башкаларды экспорттоо үчүн жетиштүү мүмкүндүккө ээ.
Буга катар Абылгазиев бүгүнкү күндө ВСП+ макамынын артыкчылыктарынын белгилүү бөлүгү гана пайдаланылып, жеңилдиктер толук эмес көлөмдө колдонулуп жаткандыгын белгиледи.
Экономика министри Олег Панкратов маалымдагандай, бул макам 6 миңден ашуун товардык позицияга берилген.
Өкмөт башчы өлкө ишкерлеринин арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн, ошондой эле аларга (ВСП+) макамы алкагындагы жеңилдиктерди пайдаланууда колдон келген көмөктү көрсөтүүнүн маанилүү экендигин айтты.
Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга эки жумалык мөөнөттө Жалпы жеңилдиктер тутуму + макамынын алкагында ЕБ өлкөлөрүнө экспортту жогорулатууга багытталган иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.