Радио

Өмүрзаков: жаштардын көпчүлүгү үй-бүлө пландаштырууну билбейт

Бириккен Улуттар Уюмунун калк фондусунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков пландалган үй-бүлө аялдардын келечеги үчүн жакшы экенин айтты.
Sputnik
Өмүрзаков: жаштардын көпчүлүгү үй-бүлө пландаштырууну билбейт

Жаштар үй-бүлө пландаштырууну билиши керек. Бул тууралуу Медер Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эки жаш баш кошуп жатканда алдыдагы максаттарын так билүү керек.

"Азыркы кезде жаштардын басымдуу бөлүгү үй-бүлө пландаштырууну билбейт. Бул нерсеге көңүл кош мамиле жасап, олуттуу көз карашы жок. Биз түшүндүрүү иштеринде дайыма пландалган үй-бүлөдө күтүп көргөн бала төрөлөрүн айтып келебиз. Мунун натыйжасында энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн санын азайта алабыз", — деди Өмүрбеков.

Ал жаштар арасында үй-бүлөнү пландаштырууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келерин кошумчалады.