Атайын эсепке УКМК да каражат которду

Буга чейин Башкы прокуратура 39 миллион сом которгону айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акча үчүн ачылган атайын эсепке 95,9 миллион сом которгонун аталган мекеме билдирди.

Башкы прокуратура бажы кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду
Эскерте кетсек, атайын эсеп ачуу боюнча буйрукка президент үстүбүздөгү жылдын 16-майында кол койгон. Буга чейин эсепке алгачкы каражатты Башкы прокуратура которуп, суммасы 39 миллион сом экени айтылган.

УКМК эсепке салган акча мекеменин коррупция менен күрөшүү боюнча ишмердигинин натыйжасында алынган маалымдады.

Бийликтин божомолу боюнча атайын эсеп акчаны бөлүштүрүүнүн жана анын эсебин алуунун натыйжалуулугун арттырып, каражатты максаттуу пайдаланууга жол ачат.