БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Lexus RX400 атвоунаасын айдап бараткан 64 жаштагы айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып ала салып кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.
Жол кырсыгы 10-июлда саат 15:40тар чамасында болгон.
"Жол тандабастын ичинде эки кичинекей бала жана үч чоң киши болгон. Кырсык болгон жерден жүргүнчү болуп бараткан 9 жашар бала каза болуп, эжеси менен энеси ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Ооруканадан айдоочунун 60 жаштагы жубайынын көз жумганы айтылды. Айдоочу өзү оор абалда ооруканада.
Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.