Оштун мэрлигине талапкер Таалай Сарыбашов кыргыз тили боюнча сынак тапшырды

Сарыбашов мамлекеттик тил боюнча сынакта "кыргыз тилин билет" деген баа алды
Sputnik

ОШ, 11-июл. — Sputnik. Ош шаарынын мэри кызматына көпчүлүк коалициядан сунушталган жалгыз талапкер Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча сынак тапшырып, комиссиянын чечими менен "кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билет" деген баа алды. Бул тууралуу БШКнын Ош облусу жана шаары боюнча өкүлү Расулбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, сынак, бүгүн, 11-июль күнү, уюштурулду.

"Улуттук тил комиссиясынын чечиминин негизинде комиссиянын курамына 7 адам кирген. Сынакта Таалай Сарыбашов өз платформасын оозеки айтып берди. Андан соң жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынан көркөм окуду. Жыйынтыгында ал кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билет" деген баага ээ болду. Комиссияны ОшМУнун ректору Каныбек Исаков жетектеди", — деди Кадыров.

Эске сала кетсек, Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт.