БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Уркуя Салиева атындагы сквер жаңыланып, ар кыл түстөгү түнкү чырактар коюлуп, оңдолуп чыкты. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Бул жайды жаңылап чыгуу үчүн 2 500 метр кабель тартылып, 80 сантиметр тереңдикте атайын ыкма менен түтүктөр жаткырылган.
"Сквердин аймагын жарык кылып туруш үчүн диоддук заманбап 74 лампа орнотулду. Декоративдүү жарыктандыруу үчүн өчүп-жанып башкача маанай тартуулаган RGB DMX технологиясы колдонулган чырактар тагылган", — деп айтылат маалыматта.
Бул иштерден кийин сквердин көрүнүшү өзгөрүп, эл кечинде эс алып, сейилдегенге жакшы шарттар түзүлдү деп билдирген мэриядан.
Реконструкция жана курулуш иштерин "Бишкекжарык" ишканасы жүргүзгөн.