Инспекторлор менен медиктер айдоочуларды токтотуп суусун сунушту. Сүрөт

Акция 11-июлда Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун "Сосновка" постунда өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) инспекторлору менен дарыгерлер Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жол жүрүп бараткан айдоочуларды токтотуп, эс алуу сунуштап жатышты. Акция тууралуу ЖКККББ кабарлады.

Маалыматка ылайык, акция 11-июлда өтүп, анын алкагында 60ка чукул автоунаа токтотулган.

1 / 3
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) инспекторлору менен дарыгерлер Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жол жүрүп бараткан айдоочуларды токтотуп, эс алуу сунуштап жатышты.
2 / 3
Акция 11-июлда өтүп, анын алкагында 60ка чукул автоунаа токтотулган.
3 / 3
Эгер айдоочу чарчаңкы тартса, кан басымы көтөрүлүп, суусап турса, дарыгерлер бир азга эс алууну сунушташты.

"Күндүн катуу ысып жана жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн улам өлкөнүн түштүк тарабына сапар алгандарды медициналык кароодон өткөрүүнү чечтик. Анткени жолдогу аварияларга көп учурда айдоочулардын чарчоосу же өзүн начар сезиши себеп болот", — дешти милициядан.

Эгер айдоочу чарчаңкы тартса, кан басымы көтөрүлүп, суусап турса, дарыгерлер бир азга эс алууну сунушташты. Инспекторлор менчик унааларды да, жүк ташуучу унааларды да токтотсо, доктурлар айдоочуларды эле эмес, унаа ичиндеги элди да бир сыйра текшерип чыкты.