Бишкек — Нарын жолунда жүк ташуучу эки автоунаа кагышып, бирөө күйүп кеткенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.
Нарын облустук ЖКККБдын маалымат кызматы кырсык болгонун тастыктап, окуя 240-чакырымда катталганын маалымдады. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алып, каза болгондор жок экенин айтты.
Күбө жиберген видеодо курулуш материалдары жүктөлгөн бир автоунаанын күйүп жатканын көрүүгө болот.
Нарын облустук милициясы жүк ташыган автоунаалардын бирөө Кытайдан товар ташып келе жатканын кошумчалады.