Австралияда алп крокодил кармалды

Анын салмагы 600 килограмм.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Австралияда токойчу-аңчылар туристтер эң көп барган Кэтрин капчыгайынан абдан чоң крокодилди кармашты. Бул тууралуу CTVNews телеканалы жазды.

Маалыматка ылайык, бул жаныбар аймактан акыркы кезде кармалган эң ири крокодил. Негизинен Кэтрин аймагы коопсуз аймактардын катарына кирет. Туристтер каноэ менен сүзүп, круизге чыгышат. Ал эми жайдын ортосунда туристтердин агымы күчөйт. 

Отлов гребнистого крокодила в Австралии

Узундугу дээрлик беш метрге (4,7 метр) жеткен жаныбардын салмагы 600 килограммды түзөт.

Токойчу-аңчы Жон Берктин айтымында, жергиликтүү бийлик бул аймактан ири крокодилди кармоо үчүн он жылдай аңчылык кылышкан.

"Бул биз кармаган эң  алп крокодил", — деди ал.

Колго түшкөн крокодил жергиликтүү фермага алып келинери айтылууда.