БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Үмөталиев көчөсүнүн Рыскулов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ремонт иштери 12-июлда башталат.
"Бир айдын ичинде жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар орнотулуп, ирригациялык системалар жакшыртылат. Оңдоо иштери 12-августка чейин созулмакчы", — деп жазылат маалыматта.
Мэрия жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, алдын ала альтернативдүү жол тандап алууга чакырат.