Төө-Ашуудагы тоннелдин жолу оңдолот. Иш учурундагы сүрөттөр

Жалпы жонунан тогуз чакырым жол оңдолот, мында аң-чөнөктөр ремонттолуп, жаракалар бүтөлөт, жол белгилери алмаштырылып, көпүрөлөр оңдоп-түзөлмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жакын арада Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелдин түндүк тарабынан кирген жана ичиндеги жол оңдоло турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

1 / 3
Жакын арада Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелдин түндүк тарабынан кирген жана ичиндеги жол оңдоло турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди
2 / 3
Маалыматка ылайык, ушу тапта Бишкек — Ош жолунун 121-129-чакырымына жаңы асфальт төшөлүп жатат
3 / 3
Биринчи катмары — 8 сантиметр болсо, экинчисинин калыңдыгы 5 сантиметр экени айтылды.

Маалыматка ылайык, ушу тапта Бишкек — Ош жолунун 121-129-чакырымына жаңы асфальт төшөлүп жатат. Биринчи катмары — 8 сантиметр болсо, экинчисинин калыңдыгы 5 сантиметр экени айтылды.

"Тоннелге кире берген жолдун эски асфальты алынды, жакын арада жаңысы төшөлөт. Андан тышкары тоннелдин ичиндеги жол да асфальтталат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жалпы жонунан тогуз чакырым жол оңдолот, мында аң-чөнөктөр ремонттолуп, жаракалар бүтөлөт, жол белгилери алмаштырылып, көпүрөлөр оңдоп-түзөлмөкчү.

Министрлик сапарга чыккандардан абалга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.