Таиланддагы үңкүрдө калган балдардын баары куткарылды. Видео

Өспүрүмдөр 23-июнда машыктыруучусу менен чогуу кеткен боюнча дайынсыз эле.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Таиланддагы үңкүрдө калган балдардын баары жана машыктыруучусу куткарылганын РИА Новости агенттиги Spring News телеканалына таянуу менен билдирди.

Жабыркагандардын бардыгы Чианграй шаарындагы ооруканага жеткирилип, бир нече күн реаблитациядан өтөт.

SpaceX Жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск балдарды кантип куткарып жатканы тартылган видеону жарыялаган.

Өспүрүмдөрдүн футбол боюнча командасынын 12 оюнчусу машыктыруучусу менен бирге 23-июнда жоголуп кеткен. Он күндөн кийин алар Тхам-Луанг үңкүрүндө экени аныкталган. Алар 7 чакырымдык үңкүргө киргенде капысынан суу көтөрүлүп үңкүрдүн оозун жаап калган. Куткаруу операциясы 2-июлда башталган.

Азыр Таиландда нөшөрлөгөн жамгыр жааган учур.