ТЭЦке жакын жерде өрт чыкты. Видео

Күбө жиберген видеодо кара түтүн каптап жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

Бишкектин Чүй проспектиси менен Алматы көчөсүнүн кесилишиндеги аймакта өрт чыкканын күбө билдирди.

Бул маалыматты шаардык өрт өчүрүү кызматы тастыктады. Суу кампасынын ичиндеги кургак чөп күйүп жатканы айтылды. Ушу тапта күйүп жаткан жерге эки өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткен.

Күбө жиберген видеодо кара түтүн каптап жатканын көрүүгө болот.