Радио

Тургуналы Мамай: кыргыз бийин бийлөө спорт залга барганга барабар

Этно бийчи Тургуналы Мамай улуттук бий менен ден соолукту чыңдаса болорун айтты.
Sputnik
Тургуналы Мамай: кыргыз бийин бийлөө спорт залга барганга барабар

Кыргыз бийин бийлөө спорт залга барганга барабар. Бул тууралуу Тургуналы Мамай Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, улуттук бийди бейлегенге күч талап кылынат.

"Кыргыз бийин бийлөө үчүн кубат керек. Өзгөчө жигиттердин бийдеги кыймыл-аракети күчтү талап кылат. Күнүнө үч мүнөт бийлөө спорт залга барганга барабар. Улуттук бийди бий катары гана карабастан спорттук көнүгүү катары да карообуз зарыл", — деди этно бийчи.

Ал улуттук 19 бийди камтыган китеп жазганын кошумчалады.