Спикер сегиз жыл мурда спорт залда машыгып жүргөндө Улан Бердибаев да келет. Ышкыбоз, тагдырга сынбаган өжөр жигит Жумабековдун көңүлүнө төп келип, жакын адамдарга айланышат. Кийинчерээк төрага Уланды коомдук иштери боюнча жардамчы кылып алат.
"Улан менен сыймыктанам. Анын жашоого болгон умтулуусу көп адамдарга үлгү. Жиу-житсуда өнөктөш боло турчу балдар деле бар. Уландын ыкмаларды мени менен чогуу үйрөнүшүн кааладым. Кармаштагы тактика менен техниканы чогуу ойлонуштуруп, үйрөнгөн ыкмаларды сынайбыз. Кээде "агай, толуп кеттиңиз, ичке пресс жасайлы" деп жүзгө чейин кылдырат. Кыскасы, мага энергия берет", — деди спикер.
Улан Бердибаев бала кезинен спортко жакын. Эркин күрөштө жүрүп жиу-житсуга өткөн. ММА сүйүүчүлөрүнүн катарында. Бирок мелдештерге чанда катышат, бир ирет жиу-житсу боюнча Алматыда күчүн сынаган. Спорттогу башкы максаты — ден соолукту чыңдоо.
"UFC уюмун бардыгы билсе керек. Бала кезде өзүмө окшош, арык, бою кичинекей мушкердин беттештерин көрүп спортко шыктандым. Азыр ата мекендик жана дүйнөлүк спортчулардын жетишкендиктерин көз жаздымда калтырбайм", — деди Бердибаев.
Төрага Жумабековдун айтымында, спарринг-өнөктөшү Бердибаев 32 жашта. Колдоо көрсөткөн жакындары — апасы менен карындашы. Жумасына беш жолу машыгып, эки күнүн гана эс алууга арнайт. Машыгуудан сырткары спорттук кийимдерди сатып ишкерлик менен алектенет. Ак баракка төгүлтө ыр жазат. Кыскасы көз күйдүргөн жигиттердин катарында. Төрага айткандай үйлөнүү гана керек.