БИШКЕК, 10-Июл. — Sputnik. Бишкектин Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишиндеги аймакта чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, тилсиз жоо толугу менен саат 22:00дө өчүрүлдү. Анда кургап калган чөп күйүп, эки гектар аянтка жайылып кеткен. Тилсиз жоону өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү унаа барган.