Анкарада Жээнбековду кантип тосуп алышты? Видео

Сооронбай Жээнбеков Түркияга жумушчу иш сапар менен келип түштү деп билдирди КРдин мамлекет башчысынын маалымат кызматы.
Sputnik

Кыргыз президентин Анкара шаарынын "Эсенбога" аэропортунан тосуп алышты.

Жээнбеков Анкарага Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен анын ант берүү аземине катышуу үчүн кеткен.

Эске сала кетсек, Түркияда 24-июнда өткөн президенттик шайлоодо мурдагы мамлекет башчы Тайип Эрдоган эң көп добуш алып, жеңишке жеткен.