БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бүткүл россиялык мамлекеттик теле жана радио берүү компаниясынын (ВГТРК) Кыргызстандагы өкүлү Виктор Ткаченко эки кызы менен түндө болгон тоноо боюнча милицияга сурак берип чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Алар көрсөтмө берүү үчүн милиция бөлүмүнө чакырылган. Анткени кичүү кызы ууруларды көрүп, артынан куугандыктан анын көрсөтмөсү керек болчу", — деди Усубакунов.
"Алар дароо келип, окуя болгон жерди карашып, бизди көрсөтмө берүү үчүн милиция бөлүмүнө алып барышты. Ал жакта эки сааттай болдук", — деди Ткаченко.
Ал ошондой эле укук коргоо органдары ыкчам аракеттерди көрүп, шектүү кишини түзүлгөн фоторобот боюнча издөөгө алганын кошумчалады.
Буга чейин маалымдалгандай, алардын мейманканасына 9-июлдун түнүндө белгисиз бирөөлөр терезеден кирип, акчасын, баалуу буюмдарын жана документтерин алып кеткени кабарланган.