Шейшембиге карата аба ырайы

ӨКМ мындай апаптуу күндөрдө адамдарга күн түз тийген жерге отуруу кооптуу экенин эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстанда эртең күндүн ысыгы 40 градуска чейин жетип, аба кургайт. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

Бишкекте түнкүсүн 22…24, ал эми күндүзү 38…40, Ош шаарында 23…25, 38…40 градус ысыйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда күндүн табы +35…+40 градуска жетет. Ал эми тоо этектериндеги райондордо күндүн табы 31…36 ысык болот.

Суусамыр өрүүнүндө термометр + 30… +35, Исык-Көл өрөөнүндө +27…+32, Нарында +31…+36 градусту көрсөтөт.

ӨКМ мындай апаптуу күндөрдө адамдарга күн түз тийген жерге отуруу кооптуу экенин эскертти.

Ал эми дыйкандарга, делеге жер иштеткендерге айыл чарба өсүмдүктөрүн улам сугарып турууга кеңеш берди.

Андан сырткары күн мындан да катуу ысып, бийик тоолуу көлдөрдүн ташып кетүү коркунучу жогоруларын айтты.