"Тазалыкчылар" ысыкка карабай шаардагы фонтандарды тазалашты

Быйыл "Тазалык" тарабынан 88 отургуч, 102 таштанды челеги жасалып парктарга коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы калаадагы фонтандарды таштандыдан тазалады. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
"Тазалык" муниципалдык ишканасы калаадагы фонтандарды таштандыдан тазалады
2 / 4
Бүгүн ишке 706 короо шыпыргыч, 113 жүктөгүч, көчөнү санитардык жактан тазалоо үчүн 70 атайын техника чыккан
3 / 4
Быйыл "Тазалык" тарабынан 88 отургуч, 102 таштанды челеги жасалып парктарга коюлган
4 / 4
Андан сырткары, 40 кызматкер Эркиндик бульварына брусчатка төшөп жатат.

Ага ылайык, бүгүн ишке 706 короо шыпыргыч, 113 жүктөгүч, көчөнү санитардык жактан тазалоо үчүн 70 атайын техника чыккан.

Ошондой эле шаардык кызмат ысыкка карабай "Ала-Тоо" аянтында гүл отургузуу иштерин улантып жатат.

Быйыл "Тазалык" тарабынан 88 отургуч, 102 таштанды челеги жасалып парктарга коюлган. Андан сырткары, 40 кызматкер Эркиндик бульварына брусчатка төшөп жатат.