Вице-мэр Макенов тергөө аяктагыча камакка алынды

Маалыматка караганда, мыйзамсыз берилген жерге соода борбору курулмак.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макеновго айыбы угузулуп, тергөө аяктаганча абакта кармоо чечими чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Ренат Макенов мыйзамсыз жер берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Тагыраагы, КРдин Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча күнөөлөнүп жатат.

"Шектелүүчү КРдин Жер кодексин одоно бузуп, мэриянын айрым кызматкерлери менен биргеликте Бишкектин түштүк аймагынан 3,5 гектар жерди жеке тарапка мыйзамсыз колдонууга жол берген", — деп айтылат билдирүүдө.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.