Ош: көпчүлүк коалициясы мэрликке Таалай Сарыбашовдун талапкерлигин колдоду

Жыйынга 25 депутат катышкан.
Sputnik

ОШ, 9-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Ош шаарынын мэрлигине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу коалициянын лидери Данияр Атабаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 9-июль күнү, шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция атайын жыйынга чогулуп, калаа башчылыгына талапкер көрсөтүү маселесин талкуулаган.

"Көпчүлүк коалицияда жалпы 27 депутат бар. Бүгүнкү жыйынга анын 25и катышып, баары мэрликке Таалай Сарыбашовдун талапкерлигин колдой тургандыгын билдиришти. Башкача айтканда, көпчүлүк коалиция бир гана талапкерди көрсөтөт", — деди Атабаев.

Ал кошумчалагандай, көпчүлүк коалициянын курамында КСДП, "Бир Бол" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары бар.

Эске сала кетсек, Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлга белгиленген.