Ачык жерде 60 градуска жетти! ӨКМ аптаптуу ысык канчага созуларын айтты

Июль айы кооптуу экендиги белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Күн мындан да катуу ысып, бийик тоолуу көлдөрдүн ташып кетүү коркунучу жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин Гидрометеорологиялык агенттигинин директору Зарылбек Итибаев аппараттык кеңешмеде айтканын аталган министрлик билдирди.

Итибаев акыркы мезгилдеги аба ырайынын жогорулашы боюнча маалымат берип, июль айы кооптуу экендигин белгиледи.

Анын айтымында, ушу тапта Бишкекте ачык жерде абанын температурасы 60 градуска жетүүдө. Аптаптуу ысык 11-июлга чейин созулат.

"8-июль күнү абанын температурасы жогорку чекке жакындады, алдыда мындан да коркунучтуу аба ырайы күтүлүп жатат. Анткени абанын температурасы мындан да жогорулап, ошол эле мезгилде тоолуу райондордо жана тоолордо өткүн өтүп, кыска мөөнөттөгү жамгырлар менен коштолот. Бул дарыялардагы суулардын жогорулашына алып келет", — деди Итибаев.

ӨКМ: дем алыш күндөрү Кыргызстанда беш адам сууга чөгүп кетти
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов облустук башкармалыктардын башчыларына айтылган маалыматка көңүл буруп, алдын алуу иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Мындан сырткары, бийик тоолордогу жырып кетүү коркунучу бар көлдөргө тез арада байкоо жүргүзүүнү милдеттендирди.

Кеңешмеде бийик тоолордогу көлдөргө байкоо жүргүзүү үчүн министрликте тик учактын жоктугу маселе жаратып жаткандыгы айтылды. Натыйжада бул боюнча өкмөткө кат аркылуу кайрылуу жана көлдөрдү башка ыкмалар менен изилдөө жүргүзүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча күндүн табы 20-июлдан кийин кайтат.