Көчмөндөр оюнуна билетти кайдан жана канчадан сатып алууга болот?

Билеттер канчадан сатылып жатканын маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын билети сатыкка чыкканын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, билеттер иш-чаранын ачылышы менен жабылышына гана сатылат.

"Ачылыш аземинде билеттердин баасы 300 сомдон 4900 сомго чейин жетет. Жабылыш салтанатына билеттерди 300 сомдон 3800 сомго чейин сатып алса болот. 300 сомдук билеттер кымбат билеттердин ордунан көп деле айырмаланбайт. Бардык жерден стадион жакшы көрүнөт. Алды жакта чоң экран коюлуп, сахнада болуп жаткан нерсенин бардыгы көрсөтүлөт", — деди Темирбекова.

Максутов: Көчмөндөр оюнун башка өлкөлөргө өткөрүп берүү каралууда
Оюндун салтанаттуу ачылышы 2-сентябрда саат 20:00дө, жабылышы 8-сентябрда саат 20:00дө өтөт.

Билеттер "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын Бишкек, Ош жана Чолпон-Атадагы бөлүмдөрүнүн кассаларында сатылууда.

Темирбекова ошондой эле жакында билет сатып алууга ыңгайлуу болгон тиркеме иштеп баштарын кошумчалады.