Бишкек — Ош жолундагы автокырсыкта жубайлар каза болду

Subaru Forester унаасы түштүктөн түндүктү көздөй келе жатып, жолдун каршысына чыгып кетип, Volvo машинасы менен кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда жеңил автоунаа менен фура кагышып, эки киши каза болду. Бул туурасында Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча башкармалыктан кабарлашты.

1 / 3
Бишкек — Ош жолунда жеңил автоунаа менен фура кагышып, эки киши каза болду
2 / 3
Окуя болжол менен бүгүн, түшкү саат үчтөрдө жолдун 113-чакырымында болгондугу айтылды
3 / 3
Милициянын маалыматына караганда, Subaru Forester унаасы түштүктөн түндүктү көздөй келе жатып, жолдун каршысына чыгып кетип, Volvo машинасы менен кагышкан.

Окуя болжол менен бүгүн, түшкү саат үчтөрдө жолдун 113-чакырымында болгондугу айтылды. Милициянын маалыматына караганда, Subaru Forester унаасы түштүктөн түндүктү көздөй келе жатып, жолдун каршысына чыгып кетип, Volvo машинасы менен кагышкан.

Бишкекте маршрутка менен минивэн кагышып, үч киши жабыркады. Сүрөт
Кырсыктын кесепетинен 69 жаштагы эркек киши менен анын 67 жаштагы аялы каза тапкан. 

Жеңил унааны Россиянын атуулу айдап бара жаткандыгы, ал эми автоунаа Казакстандын номери менен жүргөндөгү айтылды.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. 

Бул бүгүнкү жакынкы күндө болгон биринчи автокырсык эмес, түндө Ысык-Көлдө маршрутка менен жеңил унаа кагышып, 17 киши жабыркаган.