Апта ирмеми: Бабановдун баласынан капсалаңдуу корридага чейин

Sputnik

Парижде дүйнөдөгү эң абройлуу мода жумалыгы өтүп жатат. Анда белгилүү дизайнерлер эмгектерин элге тартуулады.

Мексикада өткөн президенттик шайлоодо Андрес Мануэль Лопес жеңип чыкты.

Укмуш! Дүйнөдөгү өзгөчө фонтандар сүрөттө
Калифорния штатынын түндүгүндөгү токой өрттөнүп, аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди. Үч миңден ашык жергиликтүү тургундар коопсуз жайга көчүрүлүп, ондогон имараттар күйүп кетти.

Лиссабон (Португалия) шаарындагы Campo Peqeuno аренасында салтка айланып калган коррида өттү.

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө "алтын" сертификат тапшырылды.

Казакстандын борбору Астана шаарынын 20 жылдыгы белгиленди.

Япониядагы жаратылыш кырсыктарынан 100дөй киши каза болуп, 50дөй киши дайынсыз болууда.

1 / 16
Лиссабон шаарындагы Campo Peqeuno аренасында салтка айланып калган коррида өттү. Португалия
2 / 16
Израилдин полициясы бедуиндердин Хан аль-Ахмар кыштагындагы жергиликтүү тургунду кармап жатат
3 / 16
Бангладештеги качкын рохинджа бала
4 / 16
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖРТдан эң көп упай алган бүтүрүүчүлөргө алтын сертификаттарды президент Сооронбай Жээнбеков өзү тапшырды. Сүрөттө саясатчы Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмирге сыйлык тапшыруу учуру
5 / 16
Россиянын Бахчисарай аймагындагы Куйбышев айылында өткөн Иван Купала майрамы
6 / 16
Калифорниянын түндүк аймагында токой күйүп өзгөчө кырдаал киргизилди. Үч миңдей жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү. Өрт 20 чакырым чарчы аймакты жалмаган.
7 / 16
Филиппиндерде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам көчөнү суу каптады
8 / 16
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери эл аралык "Астана" финансы борборунан атактуу София аттуу робот менен таанышып жатышат
9 / 16
Японияда жамгырдан улам суу көтөрүлүп бир катар аймактарды каптады. Анын кесепетинен 100дөй киши каза болуп, 50дөн ашык адам дайынсыз
10 / 16
Индонезиядагы фестиваль учурунда адамдар Бромо жанар тоосунун кратерине ыргытылып жаткан тартууларды тосуп алууга аракеттенип жатышат
11 / 16
Самара шаарында Бразилия менен Мексиканын курама командалары беттешкен учурда күйөрмандар уюштурган карнавал
12 / 16
Испандардын Памплона шаарында өтчү Сан-Фермин фестивалынын ачылышына келгендер
13 / 16
Palio di Siena ат чабышында кулап түшкөн чабандес
14 / 16
Мексикада өткөн президенттик шайлоодо Андрес Мануэль Лопес жеңип чыкты
15 / 16
Дизайнер Жан-Поль Готье Парижде өткөн мода жумалыгында өз эмгегин тартуулады
16 / 16
Футбол боюнча Россиянын курама командасы чейрек финалда Хорватияга утулуп калды