БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Учакта көз жарган кыргызстандык келинден кан кетип өлүп калышы ыктымал болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы дарыгерге таянуу менен билдирди.
Эске салсак, 7-июлда Ош Екатеринбург багыты боюнча учкан учактагы келиндин толгоосу келип, көз жарган. Төрөттү борт коштоочу кабыл алып, капитан кайра Ошко кайтууну чечкен. Аэропорттон келин менен ымыркайды Тез жардам кызматы тосуп алган.
Оштогу төрөткананын башкы дарыгери Зейнеп Исраилова учакта көз жарган келин кан көп кетип каза болуп калышы ыктымал болгонун айткан.
"Ымыркай жатында бир аз кармалып калган. Адистер да убагында жардам беришти. Келин кан кетип каза болуп калышы ыктымал болчу. Келиндин экинчи жолку төрөтү экен. Эне менен балада эч кандай патология жок. Келиндин толгоосу ал учакка түшө электе башталган окшойт. Балким ал учуп жетип алам деп ойлосо керек", — деди Исраилова.
Ымыркай 2600 грамм болуп төрөлгөн. Саламаттык сактоо министрлиги келин Россияда иштерин маалымдады. Ал Кыргызстанга баласын көрүп, туугандарына учурашуу үчүн келген.