Түркияда дагы 18,6 миң мамлекеттик кызматкер иштен алынды

Түрк өкмөтүнүн Resmi Gazete басылмасынын билдиришинче, кызматтан алынгандардын арасында өлкөнүн аба күчтөрүндө, деңиз аскер күчтөрүндө, жандармерияда иштегендер бар.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Түркияда дин аалымы Фетхуллах Гүлендин уюмуна тийиштиги бар делген 18 632 киши иштен алынганын РИА Новости агенттиги жазды.

Жээнбеков Эрдогандын кыраакылыгына ишенерин айтты
Түрк өкмөтүнүн Resmi Gazete басылмасынын билдиришинче, кызматтан алынгандардын арасында өлкөнүн аба күчтөрүндө, деңиз аскер күчтөрүндө, жандармерияда иштегендер бар. Андан сырткары, юстиция, билим берүү министрликтеринде иштегендер, мамлекеттик университетте сабак бергендер дагы иштен алынган. Ошондой эле 12 коомдук уюм, үч газета менен бир телеканал жабылган.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 16-июлда Түркиядагы бийликти басып алууга карата аскердик төңкөрүш жасоого аракеттер болгон. 240тан ашык киши каза болуп, 2 миңден ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Расмий Анкара бул аракеттин артында дин аалымы Фетхуллах Гүлен турарын айтып, АКШдан аны экстрадициялоону талап кылган. Өз кезегинде дин аалымы ага эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп, бардык айыптоолорду четке каккан.