БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өлкөнүн ооруканаларына беш гемодиализ аппараты берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"Кыргызстандагы бөйрөк ооруларынан жабыркаган бейтаптардын ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрайымы Венера Ташманбетованын айтымында, аппаратты Кыргызстанга "Фрезениус" немис компаниясы гуманитардык жардам катары алып берген.
"Гемодиализ аппараттары акысыз эле берилди. Анын үчөө дароо эле Каракол шаарындагы ооруканага жөнөтүлсө, эки аппарат Талас облусундагы ооруканага тапшырылат ", — деди Ташманбетова.
Министрликтин маалыматына ылайык, аталган немис компаниясы тарабынан Кыргызстанга заманбап гемодиализ борбору курулмакчы. 280 ылайыкташылган борбор 2018-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилет.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ кызматын 600 адам бекер алса, дагы 600ү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун көмөгү менен жеңилдетилген түрдө дарыланышат.