Окумуштуулар рактан тез сакайта турган диетаны аташты

Кетодиета — учурда спортчулар арасында популярдуу диетанын түрү. Анын башкалардан айырмасы адам углеводду өтө аз кабыл алып, негизги энергия булары катары май жана белокторду колдоно баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Акыркы кездерде популярдуу болуп келе жаткан кетодиета ракка каршы дары-дармектердин таасирдүүлүгүн күчөтүп, шишиктин бат сакайышына шарт түзөт. Бул тууралуу АКШ окумуштуулары изилдеп чыкканын РИА Новости агенттиги жазды.

Окумуштуулар баш көтөрбөй иштеген аялдар кант диабетине көп чалдыгарын айтты
"Салттуу медицинада рак илдетинен дарыланып жаткан адамга глюкоза тамчылатышат. Кээде адам курамында шекер бар тамак-ашты жеп коюшу мүмкүн. Ал эми алар рак клеткаларына "аман" калууга жардам берет. Ошондо биз ракты өлтүрүүгө аракет кылуу менен бирге тирүү калышына дагы мүмкүнчүлүк беребиз. Ал эми оорулуу дарыланып жаткан маалда кетодиетага отурса, сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк көбөйөт", — деди Нью-Йорктогу Мейер атындагы рак изилдөө борборунун кызматкери Бенджамин Хопкинс.

Кетодиета — учурда спортчулар арасында популярдуу диетанын түрү. Анын башкалардан айырмасы адам углеводду өтө аз кабыл алып, негизги энергия булары катары май жана белокторду колдоно баштайт.