Радио

Надирбекова: ата-эне баласынын ою менен эсептешүүсү керек

ФЕЦА инклюзивдик билим берүү программасынын жетекчиси Анара Надирбекова жаш балдар өзүнө-өзү жардам бере албагандыктан, чоң адамдар колдошу керектигин айтты.
Sputnik
Надирбекова: ата-эне баласынын ою менен эсептешүүсү керек

Ата-эне баласынын ою менен ар убак эсептешүүсү керек. Бул тууралуу Анара Надирбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж балдардын ата-энелери баласы кайсы мектептен билим алаарын бир жыл мурда билдирсе мугалимдер үчүн жакшы жардам болмок.

"Көпчүлүк ата-энелер балдарын окуу жылынын башталышына бир ай калганда мектепке алып келет. Биз бул аралыкта жардамга муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тууралуу толук маалымат биле албай калабыз. Ошондуктан, бир жыл мурда "бул мектепке балам барып окуйт" деп, ата-энелер мугалимдери менен таанышып, маалымат берсе ошого жараша аркеттерди көрөбүз", — деди Надирбекова.

Ал балдар кайсы билим берүү мекемесин жактырса ошол жерден билим алууга ата-энеси шарт түзүп бериши керектигин кошумчалады.