Бишкекте топтошкон балдар мушташты. Видео

Окуяга күбө болгон жарандын айтымында, мушташта шокер колдонулган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда топтошкон балдар мушташканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 8-июлда түңкү саат 2:00дөр чамасында Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги "Метропабга" келген кардарлар мушташкан.

"Болжол менен 10-15тей киши бардан чыгып эле жакалашып калышты. Алар шокер колдонушту, ошол учурда сыранын шишелери ары-бери учуп жатты. Он мүнөттөн кийин бардын күзөтчүсү аларды имаратка алып кирип кетти. Милиция менен Тез жардам кызматы келген жок", — деди күбө.

Бишкек шаардык милициясы аталган дарек боюнча чакыруу түшпөгөнүн маалымдашты.

Бардын администрациясы мушташ болгонун тастыктап, кардарлардын бирөөсү да олуттуу жаракат албаганын айтып, башка маалымат берүүдөн баш тартты.