Дарбазачы Акинфеевдин аты алмаз "топко" ыйгарылышы мүмкүн

Топтун формасындагы алмаз футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалы учурунда Архангельск облусунда табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Россия курама командасынын дарбазачысы Игорь Акинфеевдин атын Архангельск облусунда табылган алмазга ыйгаруу сунушталып жаткандыгын РИА новости жазды.

Мындай демилгени аталган облустун губернатору Игорь Орлов көтөргөн.

"Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына Россия дарбазачы Игорь Акинфеевдин жардамы менен ийгиликке жетти. Андыктан алмазды спортчунун атынан коюш керек. Анын үстүнө таштын формасы футбол тобун элестетет", — деп билдирген Орлов.

Табылганын салмагы 0,5 карат, 3,5х3,2 миллиметрдей экени айтылды.