Балдар, ЖРТ менен эле жашоо бүтүп калбайт! Өтпөй калгандар кайда барса болот?

Тестирлөөдөн кулап, убайымга түшүп, башка жол жоктой көрүнгөн улан-кыздарга Билим берүү жана илим министрлигинин, ЖРТ адисинин жана психологдун кеңешин сунуштайбыз.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандагы 19 427 улан-кыз оор күрсүндү. Себеби, жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) ушунча бүтүрүүүчү "кулады", расмий тил менен айтканда алар 110 баллдык барьерден өтө албай калды.

Маалымат үчүн айтсак, ЖРТны 45 607 бала тапшырган.

ЖРТдан жогорку баа алган бүтүрүүчүлөрдү жерге-сууга тийгизбей мактадык, ыраазы болдук. Президент кабыл алып, жакшы каалоо-тилегин айтып, белегин берди. Ал эми тесттин жыйынтыгы жан-дүйнөсүн аңтарып-теңтерип кеткен балдардын абалы кандай болуп жатты экен?

Мектептеги баа тагдыр чечпейт! "Кулаган" абитуриентке министрлерден кеңеш
Тоону томкором, жогорку окуу жайга өтүп, студент болом деп келечекке чоң максат койгон бүтүрүүчүлөрдүн 43 пайызынын, алардын ата-энесинин ошентип, супсуну сууду.

Эми эмне кылып, кантиш керек? Бул миңдеген ата-энелер менен абитуриент болом дегендердин башында бир эмес, бир нече жолу айланган суроо болуп жатса керек.

Бул жаатта Sputnik Кыргызстан тиешелүү адистерди кепке тартып, 110дон төмөн балл алган балдар кайдан барып билим алып, кантип жогорку окуу жайдын студенти боло аларын, дегеле ата-энелер менен балдары эмне кылышы керек деген суроого жооп издеди.

Тестирлөөдөн куладым, эми кайда барам?

Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абылкасымова тесттен "кулап калган" бүтүрүүчүлөргө төмөнкүдөй мүмкүнчүлүк бар экендигин айтып берди.

ЖРТнын жыйынтыгы менен 110 баллдан төмөн алып, конкурстан өтпөй калган балдар каалаган адистик боюнча орто кесиптик окуу жайларга —тапшырса болот. Өнөр жай, педагогика, саламаттыкты сактоо дагы бир топ кесиптер боюнча билим алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Эки жылдан кийин аяктап (колледждин диплому менен), жогорку окуу жайдан жүргүзүлгөн ички экзамендерин тапшырып II курска отурат.

"Андан сырткары, азыр актуалдуу болуп жаткан башталгыч кесиптик окуу жайларына — чач тарач, слесарь, сантехник, электрик, автослесарь ж.б. кесиптерди алууга мүмкүнчүлүк бар. Эске сала кетсем, буларды балдар көп тандап жатышат, себеби айлыгы жакшы", — деди Абылкасымова.

Адис азыр маалымат технологиясы өнүккөндүктөн, балдардын көбү чет мамлекеттердеги ЖОЖдорго да өтүп жаткандыгын айтты.

Айтмакчы, мамлекетте бир гана медициналык адистиктерге сөзсүз түрдө 11-класстын базасында, ЖРТнын негизинде кабыл алынат экен.

Төрт жогорку окуу жай ЖРТсыз кабыл алат

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз маданияты жана искусство университетинин Салттык музыка жана фольклор кафедрасынын жетекчиси, манасчы Самат Көчөрбаев ЖРТнын баллына карабай кабыл алган жогорку окуу жайларды санап берди.

Алар:

*Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясы;

*Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерватория;

*Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз маданияты жана искусство университети;

*Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана Спорт академиясынын айрым кафедралары.

Булар ЖОЖдор акы төлөө жана бюджеттик негизде кабыл алып, жогорку билимге ээ деген диплом берет.

Ал эми К. Скрябин атындагы Айыл чарба академиясы 100 балл алган бүтүрүүчүлөрдү тапшырып көрүүгө мүмкүнчүлүк тартуулайт. 

Баласын чаап жиберип…

Тестирлөөдөн төмөнкү балл алып калганын капыстан уккан ата-энелердин кээ бирлери балага кол көтөрүп жиберген учурлар бар.

Жалпы республикалык тестирлөө жана билимди баалоо, окутуу усулдары борборунун башкы адиси Мээрим Кадырованы кепке тарттык.

"Тестирлөөдөн өтпөй калганда бүтүрүүчүгө караганда, ата-энеси көбүрөөк түйшөлгөнүн байкайбыз. Бирөөлөр "бул эми пешене, эч нерсе болбойт, эмдиги жылы даярданып келебиз" деп, балдарын жооткотот. Кээде биздин көзүбүзчө урушуп жиберген учурлар болот. Жакында, баллдын төмөн экенин уккан энеси бүтүрүүчүнү чаап жиберди. Андай кырдаалдарда тынчтандырып, кеп-кеңешибизди бергенге аракеттенебиз. Дагы бир эне "уулум тапшырып, 200 балл алдым, бирок сертификатын жоготуп жибериптир" деп кайрылды. Текшере келсек, ал бала каттоодон да өтпөптүр. Ар кандай окуялар болот. Негизи, бүтүрүүчү быйыл болбосо, кийинки жылы даярданса, өтүп кетет. Андан көйгөй жаратуунун кажети жок деп ойлойм", — деди Кадырова.

Эч нерсе эмес! Жашоо тестирлөө менен бүтүп калбайт!

ЖРТдан аз упай алып калуу баланын баш оорусу болбошу керектигин, буга ата-эне, бүтүрүүчү токтоолук, көтөрүмдүүлүк менен караш керектигин психолог Асел Сүйүнбаева айтып берди.

Убайымга түшүп, башын жерге салып, башка жол жоктой көрүнгөн улан-кыздарга психологдун кеңешин сунуштайбыз.

ЖРТ боюнча упай жетпей калганда: кимге кандай жеңилдиктер каралган
*90 балл алсаң алыптырсың, эми эмне кылмак элең. Бул трагедия эмес, андан ары жашаш керек. Жакшылап даярдансаң, эмдиги жылы тапшырып аласың.

*Бул сенин жашооңдогу эң коркунучтуу учур эмес. Андан жаман эмне бар экендигин жакшылап ойлонуп көрчү. Жакындардан айрылуу, ата-эненин жоктугу дегендерге салыштырмалуу бул 90 балл эмне болуп калыптыр?!

*Кандай пландарың, кыялың бар? Ошол сен эңсеген кыялдарга жетүү ушул ЖРТнын баллына эле байланып калыптырбы. Сөзсүз эле университет эмес, башка колледж, кесиптик окуу жайлар да көп. Бир карап чык.

*"Кулап калдыңбы, жок дегенде көңүлүңө жаккан кайсы бир курсту окуп ал. Албетте, тестирлөөгө да кошо даярдана берет.

*Негизи эле бир эшик жабылдыбы, өзүңдү тынчытып, дүрбөлөңгө түшпөй ойлонуп көр, сөзсүз экинчи эшик ачылып, мүмкүнчүлүк берилет. 90 баллга кейип-кепчип, ошону ойлоно берсең, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү байкабай, өткөрүп жибересиң. Ызылдаган кеп-сөздөргө көп маани бере бербей, ты-ыынч отуруп, акыл-калчап ойлон. Жеңилдей түшөсүң.

Ата-энелерге күмүш сырга!

Бүтүрүүчү тесттен абдан төмөн упай алса, анда ата-эненин да күнөөсү бар. Түштөн кийин жер сабабай, баланы даярдап, көзөмөлдөш керек болучу. Кайда карадыңыз эле деген суроо бериш керек.

Университет, академияларды таппай жатасызбы? Өлкөдөгү ЖОЖдордун даректери
*Эгерде жакшы даярданып, күнү-түнү окуп жүрсө, бала тапшырып жатканда катуу толкунданып кетти. Эмнеге ал өзүн жоготуп койду? Себеби, "ата-энем урушат", "атам жок эмеспи", "менден көптү үмүт кылып жатышпайбы", "мен үйдүн улуусумун" деген сыяктуу түйшөлткөн ойлор мээсине уюп калган. Бул пайда алып келбейт. Болору болду, андан көрө ата-энелер өзүн колго алып, тынч отуруп сүйлөшүүсү керек.

*"Эми бир нерсе кыларбыз, капаланба, мүңкүрөбө. Менин да ичим күйүп жатат. Мейли эми. Демек, бир жерден ката кетирдик. Эмне кылайын деп жатасың, кел, ойлонолу", — деңиз.

Баа эч нерсе эмес, ал эми көңүл, ишеним баарынан кымбат. Бүгүн болбосо эртең ийгилик жылмаят. Болгону акыл калчап, туура ойлонуп, чечим кабыл алышы керек.