БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Борбор калаада №224 маршруттук такси менен минивэн кагышып, үч киши олуттуу жаракат алганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Логвиненко менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эртең мененки саат 7.00дөр чамасында болгон.
"№224 маршруттук такси Киев көчөсү менен батышты көздөй бараткан. Ушул маалда Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаа барып урунган. Натыйжада маршрутканын эки, минивэндин бир жүргүнчүсү жаракат алды", — дешти милициядан.
Жабыркагандар ооруканага жеткирилди, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чыгып кеткен. Бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.