Кызыккандар кыргыз бийи тууралуу видео-сабакты сентябрдан баштап Youtube каналынан көрүп үйрөнө алат. Бул тууралуу Женни Жеңиш кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул идеяны ишке ашыруу боюнча бир канча киши эмгектенет.
"Алгач биздин чыгармачыл топ улуттук бий тууралуу видео-сабактарды дискке жаздырып, таратууну ойлодук. Бирок азыркы күндө эл дискке караганда Youtube каналына көбүрөөк кызыга турганын байкап, кайра ошол жакка жүктөөнү чечтик. Биздин топто креативдүү балдар эмгектенет. Жакынкы айларда видео-сабактарды кыргыз жана англис тилинде даярдап чыгабыз. Анткени чет элдиктер да кыргыз бийине абдан кызыгып, үйрөнүүнү каалашат", — деди Жеңиш кызы.
Ал кытайлык кыргыз окуучулары мектепте күн сайын сабакка кирээрден мурда кара жорго бийин бейлеп турарын кошумчалады.